03:19
USD 73.77
EUR 82.01
RUB 1.04

Кыргызстандын бийлиги «Кумтөрдүн» ишине кызыкдар

Кыргызстандын бийлиги «Кумтөрдүн» ишине кызыкдар. Бул тууралуу маалымат жыйында президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Ал билдиргендей, «Кумтөрдүн» экономикада орду маанилүү.

«Биз, албетте Кумтөрдү улутташтыруу маселесин көтөрүп соттошуудан коркпойбуз. Бирок, бул көйгөйдү чечүүнүн жолу эмес. Маалым болгондой, компания менен 2009-жылы келишим түзүлгөн. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары кол коюшкан, аны жөн эле бузууга болбойт. Бүгүнкү күндө Кумтөр 9 миллиард сом өлчөмүндө салык төгөт. Биздин экономика үчүн ишкана иштеп турганы жакшы», -деди президент.