06:50
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Жогорку Кеңеште «Коопсуз шаар» долбоору талкууланат

Бүгүн Жогорку Кеңештин сессиясында «Коопсуз шаар» долбоору талкууланат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, эл өкүлдөрү долбоорду ишке ашыруу тууралуу өкмөттүн маалыматын угушат.

Буга чейинки отурумдарда долбоорду талкуулоо күн тартибиндеги эң акыркы маселе болуп, улам артка жылып келген. Бул жолу талкуу күн тартибинин биринчи тизмесинен орун алды.

Эске салсак, «Коопсуз шаар» долбоорун орусиялык «Вега» радиокуруу концерни ишке ашырганы турат. Аталган компания быйыл 4-сентябрда бешинчи жолу өткөн тендерде жеңип чыккан.

«Коопсуз шаар» долбоору «Вега» компаниясы тарабынан 2019-жылдын жаз мезгилинен тарта ишке ашырыла баштайт. Долбоордун алкагында Бишкек шаарынын жол кырсыгы көп катталган 38 көчөнүн 90 жерине видеобайкоо жабдуулары орнотулат.

Айтымында, Бишкек-Ош, Бишкек-Торугарт, Ош-Эркечтам сындуу ири жол каттамдарынын 48 жерине да атайын жабдуулар коюлат. Андан тышкары, 20 мобилдүү көчмө комплекстер иштей баштамакчы.

Эң көп окулган жаңылыктар