19:10
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Аскердин өлүмү. Денесинен кыйноонун белгилери табылган жок

«Кант» авиабазасында келишимдик негизде иштеп келген 39 жаштагы В.Щебланов аттуу орусиялык аскердин сөөгүн текшергенде, анын денесинен кыйноонун белгилери табылган жок. Бул тууралуу аталган авиабазадан билдиришти.

Маалыматка караганда, аскердин өлүмү боюнча териштирүү иштери авиабазанын Кыргызстандагы жетекчилиги тарабынан жүргүзүлөт.

«Келишимдик негизде иштеген аскердин сөөгү өз үйүнөн 15-декабрда табылган. Чүй облустук милициянын алдын ала берген маалыматына караганда, аскер этил спиртине ууланып каза болгон», -деп жазылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар