00:36
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Аскердик бөлүктөн качып кеткен. Аскер кызматкери эркинен шарттуу түрдө ажырады

Жалал-Абад облусуна караштуу Майлуу-Суу райондук соту контрактык негизде кызмат өтөп жаткан аскер кызматкерин 1 жарым жылга эркинен шарттуу түрдө ажыратты.

Маалыматка караганда, 25 жаштагы аскер кызматкери аскердик бөлүктөн качып кеткен. Ал кызматта 16 сутка жок болгон.

Ага лейтенант күнөөсүн мойнуна алып, буга чейин аны башка бөлүккө которууну суранганын айтты. Бирок, анын өтүнүчү орундатылган эмес. Ал үйүнө өзүм билемдикке салып кетип калган.

«Үй-бүлөлүк көйгөйлөрүм бар болчу. Бишкекте ата-энем ар дайым урушуп турчу. Акыркы жолу апам телефон чалып атам сабап койгонун айтты. Кызматтан кетүү тууралуу рапорт жазгам, бирок жооп ала алган жокмун. Кийин кайра кызматка өз ыктыярым менен келдим. Кылган ишиме өкүнөм, мени кечиргиле», -деди ага лейтенант.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума