12:41
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Шашылыш билдирүү: туруксуз аба-ырайы жана кар көчкү түшүшү күтүлөт!

17-19-декабрда туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы, Ош, Жалал-Абад, Баткен өрөөндөрүндө жаан жаашы күтүлөт.

Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаан жаайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында 17-22 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн −5...-10°, күндүз −3° сууктан +2° жылуулукка чейин, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0...-5° суук, күндүз 1...6° жылуу, тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн −3...-8° суук, күндүз −3° сууктан...+2° жылуулукка чейин, тоолуу райондордо жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн −15...-20°, күндүз −2...-7° суук, бийик тоолуу райондордо жана Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн −25...-30°, күндүз −8...-13° суук болушу күтүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар