00:46
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

КСДП Аида Касымалиеваны вице-спикерликке көрсөттү

КСДП Аида Касымалиеваны вице-спикерликке көрсөттү. Бул боюнча бүгүнкү кезексиз жыйында чечим кабыл алынды.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясы кезексиз жыйында депутат Асел Кодунарованы вице-спикерлик орундан алды. Айрым билдирүүлөргө караганда, ага Асел Кодуранова парламенттин жыйынында Өмүрбек Бабановдун ишин талкууга алуу маселесин күн тартибине киргизгендиги себеп болду.

Асел Кодуранова экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы катары белгилүү.

КСДП фракциясынын ичинде эки ажырым бар экени маалым. Андагы азчылык мурдакы президенттин санаалаштары болуп эсептелет. Өткөн айда фракция лидери Иса Өмүркуловду алмаштыруу аракетинен жыйынтык чыккан эмес. Иса Өмүркуловду партия катарынан чыгарган. 

Эң көп окулган жаңылыктар