Адамды уурдаганга шектелип издөөдө жүргөн Чүй облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, былтыр сентябрда 25-35 жаштардагы белгисиз 7 жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүбүз деп тааныштырып, жеке ишкерди күчтөп унаага салып, Ала-Арча капчыгайына алып барышкан. Анда алар акча талап кылышкан.
Кылмышка шектүүлөр баш калаанын тургунунан 160 миң доллар талап кылып, аны барымтага алышкан. Алар жабырлануучуну өлтүрөбүз деп коркутуп, ур-токмокко алышкан. Кылмышка шектүү жарандар сабалган тургундун туугандары менен байланышып, акчаны алып келүүнү талап кылышкан.
Аталган окуяга шектүү делип 5 жаран кармалды.