16-декабрдан 19-декабрга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
17-19-декабрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаап, Ош, Жалал-Абад, Баткен өрөөндөрүндө жаан жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундысына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын 17-22 метрге чейин жетет.