02:48
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Балаты базары. Бишкекте жаңы жылдык балатылар сатыкка чыкты

Бишкектин Медеров жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы жылдык балатылар сатыкка чыкты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, базарда балатынын түрлөрү, арча, ийне жалбырактуу жан башка дарактар сатылууда.

«Ийне жалбырактуу дарактар тамыры жабык болгондуктан, майрамдан кийин аларды кайра отургузууга болот. Балаты базары 31-декабрга чейин иштейт», -деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар