Чаткал районунун Терек-Сай айылынын спорт залында «Ынтымак достук биримдик» аталышта спорттун волейбол түрүнөн мелдеш болду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирет.
Байге фонду 20 миң сомду түзүп, жалпы 5 команда катышты.
Жыйынтыгында ИИМдин Атайын багыттагы полку баш байгени алып, айыл тургундары 2-3-орунду ээлешти.
Милициянын билдирүүсүндө бүгүн Терек-Сай аймагында коомдук саясий абал тынч.
Эскерте кетсек, аталган айылдагы алтын иштеткен компаниянын аймагында милиция кызматкерлери менен жергиликтүү калк ортосунда мушташуу болгон. 3-декабрь мушташка катышкан 14 тургун камоого алынган. Айылдыктар митинге чыгып, кармалгандардын бошотулушун талап кылышкан. Ал эми алтын иштетүүчү ишкана убактылуу жабылды. Кармалгандар соттун чечими менен эки айга камоого алынды.