Эртең поезд жана унаа каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Бишкек I — Бишкек II темир жол каттамынын 3778-чакырымындагы темир жол өткөрмөсүндө темир жолду оңдоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Асаналиев жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде оңдоо иштери болот.
«6-декабрда саат 21-00дөн саат 24:00гө чейин аталган аймакта транспорт каттамы жабылат жана Бишкек шаардык жол коопсуздугу башкармалыгы тарабынан көзөмөлдөнүп турат. Жүргүнчүлөрдөн келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн алдын ала кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен кабыл алуусун суранабыз», — деп жазылат маалыматта.