22:16
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Акы төлөнүүчү жолдордун болжолдуу баасы маалым болду

Акы төлөнүүчү жолдордун болжолдуу баасы маалым болду. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинде өткөн «Акы төлөнүүчү автомобиль жолдору» боюнча теманы талкуулаган тегерек столдо айтылды.

Эксперттик топ иштеп чыккан тарифке ылайык, чакырымына жеңил унаалар 57 тыйындан, ал эми оор жүк ташыган унаалар 2 сомдон 14 сомго чейин төлөйт.

«Бирок, бул азырынча так белгиленбеген, болжолдуу баа. Учурда тиешелүү укуктук-нормативдик документтер даярдалып жатат», -деди Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов.

Эң көп окулган жаңылыктар