18:16
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кыргыз-түрк мамилелери. Бинали Йылдырым Кыргызстанга расмий иш сапар менен келет

Эртең Түркия улуу улуттук жыйынынын төрагасы Бинали Йылдырым Кыргызстанга расмий иш сапар менен келет.

Расмий иш сапардын алкагында Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Андан тышкары, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушуусу болот.

Ал эми 7-декабрь күнү расмий делегация «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде болуп, 1916-жылы «Үркүндө» каза болгондордун жаркын элесине жана 1930-жылдардагы репрессиянын курмандыктарына арналып салынган мемориалга, ошондой эле улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүлчамбар коюшат. Андан соң, Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде өткөрүлүүчү иш-чараларга катышат.

Эң көп окулган жаңылыктар