23:47
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Түркия Кыргызстан менен тышкы соода көлөмүн 1 миллиарда жеткирүүнү көздөйт

Кыргыз-түрк бизнес-форумунун негизги максаты — экономика жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан бизнес-форумда Түркиянын вице-президенти Фуат Октай билдирди.

Ал белгилегендей, тараптар экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзмөйүнчө, долбоорлорду ишке ашыруу боюнча жаңы келишимдерге кол коюлмайынча, мындай максаттарга жетүү мүмкүн эмес.

«Биздин дагы бир максатыбыз — эки өлкөнүн ортосунда кызматташтыкты өнүктүрүү жана кеңейтүү, ошондой эле ортодогу мамилелерге жаңы түрткү берүү. Биз ушул милдеттерди аткаруу үчүн келдик», — деди ал.

Түркиянын вице-президенти соодада 1 млрд долларга жетишүү — бул биринчи гана максат экенин белгиледи.

«Биз бул жылы же эң болбоду дегенде кийинки жылы бул максатка жетебиз. 1 млрд долларга жеткенден кийинки максатыбыз 5 млрд доллар, ага дагы жетебиз. Биздин негизги урааныбыз — алдыга гана жылуу. Биз бүгүн ушул үчүн келип отурабыз. Биз алдыга гана кетишибиз керек жана ушундай жол менен гана келечекте 1 миллиард, андан кийин 5 миллиард долларга жетебиз», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар