22:11
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Ош шаарында эт азыктарын кайра иштетүүчү комбинат ачылды

Ош шаарында эт азыктарын кайра иштетүүчү комбинат ачылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, комбинат эт азыктарын кайра иштетүү менен калкка сапаттуу тейлөө кызматын көрсөтүп, коңшу өлкөлөргө ветеринардык, санитардык стандарттарга жооп берген эт азыктарын экспорттойт.

«Күнүнө 200 баш ийри мүйүздүү малдар, 300 баш кой, эчкилер союлуп, бир жылдык көрсөтүлгөн тейлөөнүн көлөмү 35 миллион 280 миң сомду түзөт», -деп жазылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө ишканага заманбап, жаңы жабдуулары менен мал, кой союлуучу 2 линия коюлуп, ичеги карындарды, баш шыйрактарды кайра иштетүү жана эт муздаткыч цехтери иштөөдө. Мындан сырткары, колбаса, эт консерваларын жана тери иштетүү цехтерин ишке киргизүү пландалган. Ишканада 60 жумушчу орун бар.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума