14:30
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кыргызстанда конфессионалдар аралык кеңеш түзүлөт

Кыргызстанда конфессионалдар аралык кеңеш түзүлөт. Бул тууралуу журналисттерге Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Зайырбек Эргешов билдирди.

Айтымында, конфессионалдар аралык кеңеш ар кандай диний ишенимдердин өкүлдөрү арасында байланышты өнүктүрүү жана диалог курууга жардам берүүнүн үстүндө иш алып бармакчы.

«Ар бир дин үчүн негизги бириктирүүчү фактор-бул адам укуктарын сактоо», -деди Зайырбек Эргешов. Анын пикиринде, Кыргызстанда диний ишеним үчүн эч кандай токсоолдуктар жок.

Маалыматка ылайык, кеңешти түзүүнү диний уюмдар демилгелешкен. Жумушчу топко 17 диний уюм кирди.

Эң көп окулган жаңылыктар