15:47
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Ош коогалаңын козуткан Кадыржан Батыров дүйнө салды

Кыргызстанда өмүр бою абакка кесилип, издөөдө жүргөн Кадыржан Батыров 4-декабрда Украинанын Одесса облусунда 62 жаш курагында көз жумду.

Бул кабарды «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун өзбек кызматына Кадыровдун жакындары ырасташты. Алардын маалыматына караганда, 4-декабрга оогон түнү Кадыржан Батыров куптан намазын окугандан кийин жатып, ойгонгон эмес.

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты, Жалал-Абаддагы мурдагы өзбек улуттук-маданий борборун жетектеген Кадыржан Батыровго 2010-жылы Кыргызстанда «улут аралык жаңжалды козуткан», «жикчилдикке чакырган», «калайман башаламандык уюштурган» деген айып тагылган жана өмүр бою эркинен ажыратылып, үй-мүлкү конфискацияланган.

Ал өзү 2016-жылдын октябрь айында «Азаттык» радиосунун өзбек кызматы менен маегинде Кыргызстандан 2010-жылдын 20-майында ошол кездеги Убактылуу өкмөттүн «өтүнүчү» менен чыгып кеткенин билдирген. Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү Кадыровдун бул айткандарын четке каккан.

Кадыржан Батыров 2016-жылы 21-сентябрда ЕККУнун Варшавадагы жыйынында сөз сүйлөп, Кыргызстандагы Баш мыйзамдын өзгөрүшүнө каршылыгын билдирип, улуттук азчылык өкүлдөрү кысымга алынып жатканын айтып чыккан.

Кыргызстандын ошол кездеги тышкы иштер министр Эрлан Абдылдаев ЕККУнун Кадыровго трибуна беришине расмий Бишкектин нааразылыгын Улуттар уюмунда билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар