03:43
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Ысык-Көл облусунда катталган шамал 14,3 миллион сомдук зыян алып келди

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын жана Ысык-Көл облустарындагы жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Эске салсак, 1-декабрда Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айылында орун алган жер көчкүнүн натыйжасында ички жолдор жабылып, суу чарба обьектилери талкаланган. Ошол эле күнү ӨКМ жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринен турган комиссия түзүлүп, келтирилген зыянды баалоо жүргүзүлгөн. Учурда жолдун бир тарабы ачылып, ичүүчү суу жеткирүүгө атайы транспорт дайындалган.

Ошондой эле, 30-ноябрдан 1-декабрга караган түнү катуу шамалдын кесепетинен Ысык-Көл облусунда 122 үйдүн жана 22 социалдык объектинин чатыры бузулган. Облус боюнча жалпы зыян 14,3 миллион сомду түзөт.

Мухаммедкалый Абылгазиев маалыматты угуп чыгып, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновго өзгөчө кырдаалдын кесепетин жоюу жана жапа чеккен адамдарга жардам көрсөтүү боюнча кырсыктан жабыркаган райондорго барууну тапшырды.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума