15:39
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Түркияда үй кызматчысы болуп иштеген кыргызстандык кыз уурулукка шектелүүдө

Түркиянын Зейтинбурну районунда Кыргызстандан барган үй кызматчысы кожоюнунун үйүн тоноду. Бул тууралуу Түркиялык басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка караганда, кызматчы кыз үйдөн 16 миң лира, 2 миң доллар, сумка жана саат уурдаган. Аны полиция колго түшүрдү.

Үй ээси окуя тууралуу полицияга билдирген. Айтымында, 15 күн мурун Кыргызстандан келген Муборакхон И. аттуу кызды үй кызматчысы кылып иштете баштаган.

Эң көп окулган жаңылыктар