Ысык-Көл районундагы катуу шамалдын кесепетинен бузулган тирөөчтөр 16-декабрга чейин алмаштырылат. Бул тууралуу «Кыргызстандын улуттук түйүнү» ААКдан билдиришти.
Эске салсак, 1-декабрда Ысык-Көл районундагы Өрнөк жана Чок-Тал айылдарында катуу шамал катталып, 110 киловольттук жогорку чыңалуудагы линиялардын темир бетондуу тирөөчтөрү жабыркаган.
Маалым болгондой шамалдын ылдамдыгы секундасына 32 метрге жеткен.