20:05
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

«Бишкексүт» жаңы технологиялык линияны ишке берди. 200 тонна сүт иштелип чыгат

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Бишкексүт» ААК ишканасындагы жаңы технологиялык линияны ишке киргизди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, өкмөт башчы заводдун өндүрүштүк аянттарын көрүп чыгып, ишкана жетекчилиги жана эмгек жамааты менен маектешүүнүн жүрүшүндө фермердик чарбалар тарабынан өз-ара пайдалуу шарттарда сырье менен камсыздоонун жаңы формаларын киргизүү маселесин талкуулады.

«Бүгүн биз жаңы технологиялык линиянын ачылышына күбө болуудабыз. Биз көрүп тургандай, эми компаниянын сүттү иштетүү көлөмүн үч эсеге дейре жогорулатуу мүмкүнчүлүгү бар. Эгерде учурда завод суткасына 60 тоннага жакын сүттү иштеп чыгарса, эми 200 тоннаны иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгү пайда болду», — деп белгиледи ал.

Маалымдама: Сүт категориясы «Бишкексүт» ААКнын ишмердигиндеги негизги багыттардан болуп саналат, мында 49 аталыштагы сүт продукциясынын кеңири ассортименти өндүрүлөт. Жаңы өндүрүш линиясы суткасына 144 000 бөтөлкө сүт продукциясын чыгарууну камсыздайт.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума