02:27
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

УКМК экстремизм жана терроризмге үндөгөн аккаунттардын баарын тосуп кое албайт

УКМК экстремизм жана терроризмге чакырган социалдык түйүндөрдөгү баардык аккаунттарды блоктоп кое албайт. Бул тууралуу КСДП фракциясынын отурумунда комитеттин башчысы Идрис Кадыркулов билдирди.

Айтымында, УКМК компьютердик окуяларга жооп берүү боюнча борбор түздү.

«Январдан бери 8 соттук чечим чыгарылды, Фейсбукта экстремизм жана терроризмге үгүттөгөн 24 аккаунт жабылды. Айрым аккаунттар дагы деле жеткиликтүү болууда, анткени аларды блоктоп салууга мүмкүнчүлүк болбой жатат», -деди Идрис Кадыркулов.

Эң көп окулган жаңылыктар