Өкмөттүн азыркыдай курамы менен эффективдүү иштөө - оор. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.
Депутат Жанар Акаев өкмөт башчыдан «2019-жылы министрлер кабинетинин түзүмүн өзгөртөсүзбү?» деп сурады. «Балким, Коргоо министрлигин калыбына келтирип, компактуу курам түзөсүз?», -деди ал.
«Өкмөттүн түзүмүндө өзгөрүүлөр болот, бирок жаңы жылдан кийин деп так айта лабайм. Ошентсе да сөзсүз өзгөртөбүз. Менин жеке пикиримде, жаңы эффективдүү түзүм иштеши керек», -деди Мухаммедкалый Абылгазиев.