17:18
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Мелис Калыковдун облус прокурорунун өлүмүнө түздөн-түз тиешеси бар

Баткен мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыков облус прокурорунун өлүмүнө шектүүлөрдүн биринчи катарында. Бул тууралуу маалымат жыйында ИИМдин тергөө кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Утемисов билдирди.

Айтымында, тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. Каза болгон прокурордун орун басары жана ишкерлер суракка алынууда. Алар окуя болгон күнү мергенчиликке чогуу чыгышкан.

Башкы прокуратуранын тергөөчүсү Замир Бейшекеев билдиргендей, Мелис Калыков күнөөнү мойнуна алды. Бирок, ал прокурорго кокустан ок чыгарып алганын айтууда. Ал мас абалында болгон жана прокурорду өлтүрөйүн деген ою болгон эмес.

Буга чейин Мелис Калыков өзүнө карата зомбулук болуп жатканын билдирген. Бирок, акыйкатчы институтунун өкүлдөрү менен жолугушканда, медициналык кароодон өтүүдөн баш тартып койгон.

«Каза болгон кесиптешибиз ишти акырына чыгарайын деп Мелис Калыковду жанына алып алган. Баткен мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын ишмердүүлүгүндө эреже бузуулар катталган болчу. Факт боюнча 2 кылмыш иши козголгон. Мелис Калыковго сот 10 миң сом айып салган. Ага күнөө тагылган эмес, бирок биздин кесиптеш иликтөөнү улантууну чечкен. Мелис Калыков бул тууралуу баарын билген, мындан улам алар ууга чыкканда уруша кетишкен», -деди Замир Бейшекеев.

Эске сласак, Анарбай Мамажакыповду өлтүрүп, өрттөп салышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар