09:08
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Прокурордун өлүмү. Анарбай Мамажакыповдун сөөгүндө бензиндин изи табылган жок

Баткен облусунун киши колдуу болуп каза болгон прокурору Анарбай Мамажакыповдун сөөгүндө бензиндин изи табылган жок. Бул тууралуу 24.kg агенттигине айыпталуучу Мелис Калыковдун эжеси Дарыйка билдирди.

Анын айтымында, экспертиза ушундай тыянак чыгарды. Прокурордун денесин кантип өрттөшкөн, белгисиз.

«Менин тууганым күнөөнү мойнуна алган жок. Тергөөчүлөр аны тергөө абагынан суракка алууга аракет кылышкан, алар мамлекеттик жактоочуну да кошо ала келишкен. Ал убакта инимдин жактоочусу бар болчу. Мелис Калыков чоочун жактоочунун жанында кандайдыр-бир көрсөтмө берүүдөн баш тарткан. Тергөөчү аны видеого тартып алып, материалга тиркеп койгон», -деди ал.

Экспертизанын жыйынтыгы боюнча мергенчиликке чыккандардын баары, арасында Мелис Калыков дагы соо экени аныкталган.

Эске салсак, Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыпов 18-ноябрга караган түнү киши колдуу болуп өлтүрүлгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума