01:22
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Прокурордун өлүмү. Айыпталуучу өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн

Ош шаардык сотунда Баткен облусунун прокурорунун өлүмү боюнча соттук териштирүү уланууда. Мелис Калыковдун жактоочусу Сартбай Жайчыбековдун айтымында, айыпталуучу өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн. 

Жактоочунун пикиринде, Мелис Калыковдун эркиндикте калуу шансы өтө аз. «Биз адилетүү өкүм чыгаарынан күмөн санап жатабыз, анткени судья Жолборс Кудаяров аны отургузууга кызыкдар. 3 кылмыш ишке тийиштиги бар соттун төрагасына прокуратура басым жасап жатат деп ойлойм. Калыковдун иши менен алектенген тергөөчү дагы соттун иши менен алектенет», — деди Сартбай Жайчыбеков.

Эске салсак, Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыпов 18-ноябрга караган түнү киши колдуу болуп өлтүрүлгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар