16:23
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Баткен облусунун прокурору киши колдуу болду

Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыпов 18-ноябрга караган түнү киши колдуу болуп өлтүрүлгөн. Бул маалыматты «Азаттыкка» Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматкери Бакыт Сейитов тастыктады.

Анын айтымында, облустун прокурору Баткен шаарынын чекесинде, талаада денесине залакат келтирилип өлтүрүлгөнү аныкталды. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн башка маалыматтар айтылбайт. Шектүү кишилер бар. Кылмыш иши козголуп, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө байланыштуу облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси сурак берип жатат.

Маалыматка ылайык, соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат. Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси («Адам өлтүрүү») менен иш козголду.

Маркум 17-ноябрда азыр сурак берип жаткан жетекчи менен чогуу жүргөнүн көргөн күбөлөр бар. Ички иштер министрлигиндеги ишенимдүү булактар Мамажакыповдун жанында райондогу башка прокурорлор да болгонун айтышты.

43 жаштагы прокурордун сөөгүн жакындары Чоң-Алай айылына алып кетишти.

Эң көп окулган жаңылыктар