Кыргызстандын аймагында 30-ноябрдан 1-декабрга чейин туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Өлкөнүн көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Бул боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундысына 4-9 метрден, айрым жерлерде 18-23 метрге чейин жетиши күтүлөт. 1-2-декабрда абанын температурасы кескин төмөндөйт.
Эске сала кетсек, 29-ноябрдан башкап Бишкек-Ош унаа жолунун кээ бир чакырымдарында артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн мажбурлап атып түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлөт. Мындан улам жол маалы менен жабылат.