22:33
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Бир түндө компьютердик клубтан 1 миң 240 өспүрүм кармалды

Бир түндө компьютердик клубтан 1 миң 240 өспүрүм кармалды. Бул боюнча Ички иштер министрлигинин Жашы жете электер менен иштөө инспекциясы кабарлады.

Маалыматка караганда, алардын көпчүлүгү Бишкек шаарындагы интернет клубтардан кармалышты.

Ал эми жыл башынан бери өлкө боюнча түнкүсүн ата-энеси же башка коштоочусу жок жүргөн 4475 өспүрүм аныкталды.

Жалпы кармалган балдардын 936сы ИИМдин профилактика борборунда тарбиялоодон өткөрүлсө, калгандары ата-энесинин колуна тапшырылган.

Административдик жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдын 65-беренесинин («Жашы жете электи (өспүрүмдү) тарбиялоо жана окутуу боюнча милдеттерди аткарбоо») негизинде 770 ата-энеге айыппул чегерилди.

Эң көп окулган жаңылыктар