05:46
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Сузакта кыздарды зордоп сойкулукка тарткан жер аныкталды

Сузак районунун аймагында мыйзамсыз сойкулук уюштурган жашыруун жайды аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБсы билдирет. 

Маалыматка караганда, аталган жайга тинтүү жүргүзүлүп, бир топ далилдер менен сойкулук менен алектенген бир топ кыздарды жана иштетип жүргөн ээсин аныкташты. Бул факты боюнча КРнын Кылмыш Жаза кодексинин 261-статьясы (Сойкулук жасоо үчүн жайларды уюштуруу же күтүү ) менен кылмыш иши козголду. 

«Тергөө берген көрсөтмөлөрүндө кыздар кожойкеси аларды алдоо жолу жумуш таап берүү максатында алып келип, аларды жер үйдөгү короодон эч жакка чыгарбастан камап, күн көрсөтпөй сойкулукка мажбурлап келгендигин айтышты. Алардын арасынан 3 кыз кожойкелеринен жабыр тартып, ырайымсыз кордукка кабылгандыгын билдирип областтык милицияга арыз жазып тергөө иштери улантылып жатат», — дейт милиция.

Эң көп окулган жаңылыктар