12:40
USD 84.80
EUR 99.50
RUB 1.16

Өкмөт башчы Беларусь Республикасынын өнөр жай холдингин кыдырды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Беларусь Республикасына иш сапарынын алкагында «Агрокомбинат «Дзержинский» ААК агрардык өнөр жай холдингине барды. Өкмөт башчы 18 миң гектар айыл чарба жерлерин көрүп чыкты.

«Дзержинский» агрардык комбинатынын негизги ишмердиги канаттуулардын этин өндүрүү, аны кайра иштетүү жана сатуу болуп саналат.

Агрардык комбинат Беларусь Республикасында чыгарылган канаттуулар этинин продукцияларынын 20 пайызын өндүрөт. Инкубаторлордун өндүрүштүк кубаттуулугу — жылына 56 миллион жумуртка.

Сүт берүүчү малдын башы — 5000 башка жакын. Эгиндин жана жүгөрүнүн дүң жыйымы (кампалык салмакта) — 49 миң тонна түшүмдүүлүктө 68,1ц/га. Ишкананын автотрактордук паркында 350 даана заманбап техника бар.

Эң көп окулган жаңылыктар