20:57
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Башкы прокуратура Абдил Сегизбаевге карата кылмыш ишин козгоодон баш тартты

Башкы прокуратура УКМКнын мурунку төрагасы Абдил Сегизбаевге карата кылмыш ишин козгоодон баш тартты. Бул тууралуу журналисттерге «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

Комитет «Белизгейт» тууралуу маселени жабык түрдө карады.

Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, отурумда башкы прокурордун орун басары Абдил Сегизбаевге карата кылмыш иши козголгон жок деп билдирген.

««Ата Мекен» фракциясы сентябрда эле Башкы прокуратурага Абдил Сегизбаевдин «Белизгейт» иши тууралуу жоопкерчилигин карасын деп кайрылган. Эми болсо көзөмөл органы кылмыш ишин козгобогонун айтып жатат. Абдил Сегизбаев 6 миллион жарандын көзүнчө жасалма документтерди пайдаланып кылмыш жасаган. Бул кылмыш кодексинин 350-беренеси», -деди депутат.

Эң көп окулган жаңылыктар