24.kg агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.
Суроо: Уул бала төрөлгөндө берилүүчү акика тойдо канча кой союш керек?
Жооп: Акика той уул берген кудайга ыраачылык иретинде өткөрүлөт. «Эгер уулу төрөлсө эки жаш курагы бирдей кой, кыз төрөлсө бирөө союлат», — деп айтылат. Жашоо шарты туура келбегендер бир кой сойсо дагы болот.
Диний аалымдардын айтымында, бул шарт уул менен кыздын ортосунда калыссыздыкты көрсөтпөйт. Уул үйдүн табарманы, ата-энени бага турган адам болгондуктан ага сый өйдө дешет.