13:28
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Токон Мамытов кытайлык туугандары бар кыргыз жарандары менен жолугушту

Акыйкатчы Токон Мамытов кытайлык туугандары бар кыргыз жарандары менен жолугушту. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алар Кытайдагы «тарбия берүүчү» лагерлерде жүргөн туугандарынан кабар алып, эмнеге кармалып жатканын билип берүүнү өтүнүшкөн.

Билдирүүгө таянсак, кытайда кармалгандардын айрымдары эмгек лагеринде, кээ бири тергөө абагында отурушат.

Акыйкатчынын айтымында, тийиштүү арыз келип түшкөндөн кийин эл аралык нормалардын алкагында, Кыргызстан менен Кытайдын эки тараптуу келишимдердин негизинде чаралар көрүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар