16:57
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Балыкчыда катуу шамалдын кесепетинен бир нече имарат жабыркады

Ысык-Көл облусунда катуу шамалдын кесепетинен социалдык объектилердин жана турак үйлөрдүн чатырлары жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, 24-ноябрда саат 23:00 чамасында Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында ылдамдыгы секундасына 24-28 метрге жеткен шамал катталган. Кесепетинен № 1 Л.Толстой атындагы орто мектептин 60 чарчы метр чатырын (профнастил), № 2 Ж. Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин складынын 7 чарчы метр шиферин, 2 турак үйдүн 230 чарчы метр чатырын (профнастил) жана башка бир нече имараттардын чатырларын учурган.

Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума