19:33
USD 88.39
EUR 94.96
RUB 0.97

Баткендин тоолуу айылында жаңы мектеп ачылды

Баткен районунун Кан айылындагы Зайил Ормонов атындагы орто мектеби заман талабына ылайык бардык шарты менен курулуп бүттү. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү маалымдайт. 

Мектеп 225 орунга ылайыкташтып, ашкана, спорт залы, жуунучу жайы да бар.

Орто мектептин курулушу 2015-жылы башталып, республикалык бюджеттен 43,5 миллион сом бөлүндү. 

Ал эми эски мектеп 1936- жылы курулган. Дубалы сынч-ылай менен тургузулган болчу. 

Эң көп окулган жаңылыктар