04:19
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

«Мурас-Ордо» жаңы конушунун тургундары митингге чыгышты

Бишкек мэриясынын алдында «Мурас-Ордо» жаңы конушунун тургундары митингге чыгышты. Алар жаңы маршруттук коомдук унааларды жүргүзүүнү талап кылышууда.

Айтымдарында, алар 27-августта дагы ушундай эле талап менен митингге чыгышкан. Ал кезде вице-мэр Бакытбек Дүйшембиев маселени көзөмөлгө алам деп сөз берген.

«Бизге болгону № 206 маршрутка барат. Алардын саны 7, ал эми жаңы конушта 2000ден ашуун окуучу бар. Азырынча мектеп курулуп бүтө элек, балдар шаарга барып билим алышат», -дешет тургундар.

Алардын берген маалыматына ылайык, жол кире үчүн 15 сомдон төлөшөт. Машрутка Озерное жана Салкын айылдарын кыдырат. Шаардык транспорт башкармалыгынын башчысы Хасанбек Алимбековдун айтымында, ташуучу фирманын унаалары жетишсиз. «Кошумча маршруттарды ачканбыз, бирок унаалар жетишсиз болууда. Эгерде муну жөндөй алышпаса, анда маршрутту башка фирмага өткөрүп берүү каралат», -деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар