17:40
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Туризм департаментинин директору болуп Максат Дамир уулу дайындалды

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Туризм департаментинин директору болуп Максат Дамир уулу дайындалды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка таянсак, Максат Дамир уулу Жапония жана Америка Кошмо Штаттарында билим алып, кийин бир катар эл аралык жана жергиликтүү компанияларда эмгектенген.

Учурда 33 жашта, үй-бүлөлүү.

Эске салсак, мекеменин мурдагы жетекчиси Азамат Жаманкулов октябрь айында ээлеген кызматынан бошотулуп, маданият, маалымат жана туризм министри болуп дайындалган.


Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума