Социалдык тармактардын биринде УКМКнын кызматкери LiveBar эс алуу жайынын алдында элдерди тапанча менен коркутуп жатканы чагылдырылган видео жарыяланды.
«УКМКнын мас кызматкери табелдик тапанча менен кардарларды коркутту», — деп айтылат анда.
УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, маалымат учурда текшерилип жатат.
«Эгерде ал киши биздин кызматкер экендиги аныкталса, катуу жазага тартылат», — деп билдиришти УКМКдан.