11:02
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Өлкө аймагында турак жайлардын болгону 15 пайызга жакыны гана камсыздандырылган

«Республика — Ата Журт» парламенттик фракциясынын жыйынында курулуш бизнес чөйрөсүндөгү бүгүнкү кырдаал жана шаар куруу, турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу боюнча мыйзамдардын аткарылышы тууралуу маселени талкууга алышты.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаровдун айтымында, республика аймагында жалпы жонунан 1 миллион 157 миң турак жай болсо, анын 15 пайызга жакыны гана камсыздандырылган.

«Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААКсынын төрагасы Жумагүл Эгембердиева айыл жериндеги камсыздандыруу төлөмү жылына 600 сомду түзөөрүн, камсыздандыруу 18 тобокелчиликке карата жүргүзүлөрүн маалымдады.