17:23
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

КСДП партиясы Сооронбай Жээнбековду 60 жылдык юбилейи менен куттукташпайт

КСДП партиясы президент Сооронбай Жээнбековду 60 жылдык юбилейи  менен куттукташпайт. Бул тууралуу 24.kg агенттигине партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Айтымында, мамлекет башчы партиянын мүчөлүгүнөн президенттик кызматка кеткенде чыккан. Мындан улам, партиянын атынан куттуктоо пландалган жок.

Кундуз Жолдубаева билдиргендей, Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда деле партия аны куттуктаган эмес.

«Партиянын лидери Алмазбек Атамбаев өзү Сооронбай Жээнбековду куттуктайбы азырынча белгисиз. Алардын жеке мамилелерине партия түшүндүрмө бербейт», -деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар