22:39
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Кыргызстанда балдардын катышуусунда 1 миң 130 жол кырсыгы катталган

Кыргызстанда 10 ай аралыгында балдардын катышуусунда 1 миң 130 жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу брифингде «Жол коопсуздугу» долбоорунун директору Чынара Касмамбетова билдирди.

Айтымында, жол кырсыгынын кесепетинен 66 бала каза болгон. Ал эми 1 миң 307 бала жаракат алышкан.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Оторовдун айтымында, балдардын катышуусундагы жол кырсыктарынын саны азаюуда.

«Жыл башынан бери республикада 4 миң 871 жол кырсыгы катталды. Бул былтыркыга салыштырмалуу 5,1 пайызга аз», -деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума