21:08
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Депутат: Балдарды 3 смен менен окутууну токтотуу керек

Кыргызстанда бүгүнкү күндө 19-кылымда курулган 2 мектеп бар. Алардын биринде балдар азыркыга чейин билим алып келишет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Алтынай Өмүрбекова билдирди.

Айтымында, Чүй облусундагы орто мектеп 1879-жылы салынган. Бирок, окутуу бүгүн деле уланууда. Экинчи мектеп Жалал-Абадда орун алган. 1890-жылы салынган мектеп авариялык абалда болгондуктан, окуучулар башка жайга көчүрүлгөн.

«Эң негизги көйгөй балдарды 3 смен менен окутууну токтотуу керек. Санитардык норма боюнча бул ыкма тыюу салынган. Бирок 158 жалпы билим берүү мекемелеринде 3 сменде балдар билим алышат. Ал мектептерде окуучулардын саны 2 эсе өскөн», -деди депутат.

Эң көп окулган жаңылыктар