10:18
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

«Тазалык» кызматы жолдорго 573 тонна кум жана 49 тонна техникалык туз септи

Бишкекте «Тазалык» кызматы жолдорго 573 тонна кум жана 49 тонна техникалык туз септи. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда бул максатта 43 атайын техника иштеп, 740 жумушчу кар күрөп, жолдорду шыпырып жатат.

Борбор калаанын мэриясы «талапка жараша ар бир чарба субъекти өзүнүн аймагына караштуу жерлерди кардан жана муздан тазалашы керектигин» эске салат.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума