17:33
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Өмүрбек Бабанов кат жөнөткөн кыргызстандыктардын дарегин кайдан алганы иликтенет

Өмүрбек Бабанов кат жөнөткөн кыргызстандыктардын дарегин кайдан алганы иликтенет. Бул маселе бүгүн Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана ЖК регламенти боюнча комитетинин жыйынында айтылды.

Анда «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан депутат Исхак Масалиев былтыр президенттик шайлоо учурунда ар бир жаранга кат жөнөткөн талапкер жарандардын даректерин кайдан алганын сурады.

«Президенттик шайлоо алдында бир талапкер жарандардын бардыгына кат жолдоду. Биздин дарегибизди кайдан билди?» — деп сурады депутат.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымынын орун басары Айнура Туйбаева коммуналдык кызматтарда даректер бар экенин айтты.

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун айтымында, коммуналдык кызматтарда бардык жарандардын дареги жок. Өмүркулов бул боюнча иликтөө жүргүзүү керектигин билдирди.

Эскерте кетсек, 2017-жылкы президенттик шайлоо алдында Өмүрбек Бабановдун атынан бир топ шайлоочулар жеке дарегине келген кат алышкан. Катта талапкер шайлоочунун аты-жөнүн айтып кайрылган. 

Эң көп окулган жаңылыктар