01:01
USD 87.45
EUR 100.07
RUB 1.09

Төө-Ашуу ашуусунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда ашууда борошолоп кар жаап жатат. Жолдор тайгалак болууда. Кардын калыңдыгы 8 сантиметр. Жолдорду кардан тазалоо иштери уланууда. Ал эми жеңил унаалар үчүн жол ачык.

Кыргызстандын башка тоолуу райондорундагы жолдордо унаа кыймылына чектөө киргизилген жок.

Эң көп окулган жаңылыктар