09:23
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Бишкекте кар жаады. Жолдорго 92 тонна кум жана 8 тонна техникалык туз себилди

Бишкекте кар жаап, жолдор тайгак болууда. Айдоочулардын айтымында, жолдор тазаланбай, туз себилген эмес. Ал эми шаардык муниципалитетттен билдиришкендей, шаардын жолдорун тазалоо иштери түнкү саат 4тө башталган.

«92 тонна кум жана 8 тонна техникалык туз себилди. 25 даана техника ишке тартылды», -деп билдиришти муниципалитеттен.

Мэриянын маалыматы боюнча, тротуарларды кардан тазалоо үчүн 740 жумушчу иштеп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума