Жол кырсыгында каза болгон Кыргызаэронавигациянын директорунун орун басары Маматназар Жакыпбаевдин иши боюнча бир гана күбө болгон. Бул тууралуу 24.kg агенттигине шектүүлөрдүн биринин жубайы Зейнеп Сулайманкулова билдирди.
Айтымында, кырсык болгон түнү каза болгон жаранга аскер формачан дарыгер жардам көрсөткөн. Учурда күнөөлүү тарап аны издеп жатышат.
«Ал күбө биз үчүн абдан маанилүү. Күнөөлүүлөр жасаган кылмышы үчүн гана жоопко тартылсын. Менин жолдошум дагы айыпталып жатат. Ал унаада жүргүнчү катары бараткан. Азыр 2 айыпталуучу тең тергөө абагында», -деди ал.
Эске салсак, күнөөлөнүп жаткан жарандардын биринин жубайы Масалиев менен Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишинде 2 кундөн бери турат. Ал жол кырсыктын күбөсүн табуу үчүн жазуусу бар плакат көтөрүп алган.