19:00
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

2 колунан ажыраган жоокер Руслан Сапарбаев экинчи протезди акысыз ала албайт

Токко урунуп 2 колунан ажыраган жоокер Руслан Сапарбаев экинчи протезди акысыз ала албайт. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Башкы штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ жоокерди Түштүк Кореядан келген адис зыярат кылды.

«Адис өзү кыргызстандык, бирок көп жылдан бери Түштүк Кореяда иштейт. Ал Руслан Сапарбаевди карап чыгып, бир колуна протезди бир жарым айдан кийин такса болот деди. Ал эми экинчи протезди жеңилдетүү менен алууну сүйлөштүк. Бирөөнүн баасы 30 миң доллар. Башкы штабда мындай акча жок болгондуктан, бирөөнү акысы алышкан. Ал эми экинчи колу кийин кесилген», -деп билдиришти Башкы штабдан.
 
Эске салсак, августта жоокерди ток тартып, 2 колун кестирүүгө туура келген.
 
Эң көп окулган жаңылыктар