19:09
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Коопсуз шаар. Комиссия соттук отурум 1 саатка гана улангандыгына нааразы

Арыздарды кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия соттук отурум бир саатка гана улангандыгына нааразы. Бул тууралуу маалымат жыйында комиссиянын төрагасы Мурзабек Жолошев билдирди.

Айтымында, коомчулук жана президент чынында «Коопсуз шаар» боюнча сынакта эмнелер болуп жатканын билишпейт. Комиссия сот Азис Эшалиев 7 күн бою каралып жаткан чечимди бир саатта эле жокко чыгарып салгандыгына нааразы болушту.

Комиссия мүчөсү Эдил Эралиев билдиргендей, соттун биринчи отуруму негизи алдын ала даярдык. Аны иш менен тааныштыруу үчүн гана өткөрүшөт.
 

«Биздин пикирибизди сурашкан жок, дароо эле ишти кароого киришти. Ал жакта маалыматтык технологиялар комитетинин 2 өкүлү отурду. Чыгып сүйлөө укугун бизден бөлөк баарына беришти. Мен юрист катары абалды түшүндүрө алган жокмун. Комитетке жооп берейин дегенде, мага эскертүү берип коюшту», -деди ал.

«Соттун кандай өткөнү бизди тынчсыздандырат. Сот мени четке какты. Биз коомчулукка кайрылууну туура көрдүк, аларды сотко беребеиз», — деди Эдил Эралиев.

Эң көп окулган жаңылыктар